Бишкек шаардык кеңешинин жыйынында борбордун муниципалдык зираттарында жерге коюу үчүн орундарды резервдөө боюнча жаңы токтомду кабыл алуу чечими кабыл алынды. Шаар тургундарына он жылга чейин орунду резервдөө мүмкүнчүлүгүн берчү кошумча кызматтардын коэффициенти бекитилди.

Түшүндүрмө кагазынан алынган маалыматка ылайык, резервдөө наркы 150 миң 647 сомду түзөт, анын ичинде 50 миң 647 сом кошумча кызматтар үчүн.
Кошумча кызматтардын коэффициенти жердин аянтына, кармоо мөөнөтүнө, санитардык тазалоо жыштыгына, техникалык суу чыгымдарына, ошондой эле Социалдык фондго жана башка зарыл чыгымдарга бөлүнгөн акчага негизделген.