Ташкентте Кыргызстандын авторизацияланган соода павильону ачылды





Ташкентте Кыргызстандын авторизацияланган соода павильону Food City соода-логистика борборунун базасында ачылды. Бул долбоор Кыргызстандын Өзбекстандагы соода өкүлчүлүгү тарабынан ишке ашырылып, жергиликтүү өндүрүүчүлөрдүн экспорттук мүмкүнчүлүктөрүн өнүктүрүүгө жана алардын Өзбекстан рыногундагы позицияларын бекемдөөгө багытталган.

Павильон белгилүү кыргыз бренддери көрсөтүлгөн ири үч күндүк көргөзмө-ярмарка алкагында ачылды. Катышуучулар өз продукцияларын сунушташты: ОсОО «Памир», ОсОО «Белая Река», ОсОО «Алайку Органикс», ОсОО «Медовая Артель», ОсОО «Органик», ЗАО «Келечек», ошондой эле «Атаман», «Султан» жана «Кымызстан» соода маркалары.