```html
Ош шаарына эл аралык мото колонна «Көчмөндөр жолу» келди










Ош шаарында 30-июнда эл аралык мотоэкспедиция «Көчмөндөр жолу» (Путь кочевников) токтоду. Мото пробегдин катышуучулары борбордук аянтка келишти, аларды шаардык мэрдин орун басары Масуда Айдарбекова тосуп алып, конокторго саламдашып, эскерүү белектерин тапшырды, коопсуз жол каалады.
«Көчмөндөр жолу» экспедициясы 2016-жылы башталган жана Борбордук Азия өлкөлөрүнүн ортосундагы достукту бекемдөөгө, ошондой эле региондун туристтик потенциалын эл аралык аренада илгерилетүүгө багытталган.

Учурдагы экспедиция этаптарына 100дөн ашык мотоциклисттер Россия, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан жана Кыргызстандан катышууда.