Ош шаарында жаштар үчүн креативдүү хабдын салтанаттуу ачылышы болду — бул билим алуу, иштөө, чыгармачылык жана эс алуу үчүн арналган көп функционалдуу мейкиндик. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.
Церемонияга вице-мэр Эрнис Толтоев, Жогорку Кеңештин депутаты Салтанат Аманова, Кыргызстандагы БУУнун Өнүктүрүү программасынын туруктуу өкүлү Александр Соловьев, Ош шаардык кеңешинин депутаттары, жаштар активисттери жана жергиликтүү тургундар катышты.