Кыргызстан улуттук командасынын чабуулчусу Жоэл Кожо Наманган шаарында жайгашкан өзбек футбол клубу «Навбахор» менен келишимге кол койду. Футболчу Ирандын «Эстегляль» клубун таштап, азыр жаңы командада учурдагы сезондун аягына чейин ойнойт, деп маалымдады Кыргыз футбол союзу.