33 сотка Бишкектин борборунда мамлекеттик менчикке өткөрүлдү
30-июнь күнү Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары борбордогу жер тилкесин мамлекеттик менчикке өткөрүү боюнча чечим кабыл алышты. Бул 0,33 га аянттагы жер тилкеси Токтогул жана Логвиненко көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан.

Вице-мэр Кубанычбек Иманалиев билдиргендей, Президенттин иш башкармалыгы аталган аймакта заманбап жогорку технологиялык медициналык борбор курууну пландаштырууда, бул болсо жерди мамлекеттик менчикке өткөрүүнүн негизги себеби болуп саналат.