Кыргызстанда күн энергиясы боюнча адистер даярдалууда





Бишкекте, №100 кесиптик лицейде, «Күн панелдерин орнотуучу жана монтаждоочу» адистиги боюнча үч айлык окуу программасы ийгиликтүү аяктады. Курстун катышуучулары квалификациялык финалдык экзаменди тапшырды, бул тууралуу Кыргызстандын Билим берүү министрлиги билдирди.

Экзамен учурунда катышуучулар фотоэлектрдик күн панелдерин монтаждоо, электр байланыштарын түзүү, жабдууларды тестирлөө жана коопсуздук техникасынын талаптарын сактоо боюнча теориялык билимдерин жана практикалык көндүмдөрүн көрсөтүштү.