Кыргызстандын илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министри Гульзат Исматованын жашоосундагы бир күн «Ачык кабинет» долбоорунун алкагында көңүл борборуна айланды. Министрдин жумушчу күнүндө медиа өкүлдөрү, таңкы интервьюдан баштап, илимий мекемелерге жана өлкөнүн жогорку окуу жайларына болгон визиттерге чейин коштоп жүрүштү.

Гульзат Исматованын жумушчу күнү кичинекей кызын бала бакчага алып баруудан башталат. Андан кийин ал 08:00дө министрликке келип, күн тартибин изилдеп, жолугушууларга даярданат.