1-июлдан баштап Ош шаарындагы бардык мамлекеттик балдар бакчалары пландалган оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу бир айга ишин токтотот. Бул тууралуу Ош облусунун шаардык билим берүү башкармалыгынын башчысы Тынчтыкбек Досмуратов билдирди.

Анын айтымында, санитардык-эпидемиологиялык кызмат балдар бакчаларынын иштеп жаткан учурда оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүүгө тыюу салган, анткени боёктун жыты жана башка факторлор балдардын ден соолугуна терс таасир этүүсү мүмкүн.