
Бакуда Биринчи түркология конгрессинын 100 жылдыгына арналган конференция өтүп жатат. Түрк мамлекеттеринин уюмунун башкы катчысы Кубанычбек Омуралиев бул форум өткөн кылымда ушул шаарда болгон тарыхый окуянын салттарын улантып жатканын белгиледи. Конференцияны өткөрүү боюнча демилге Азербайжан президенти Ильхам Алиевге таандык, ал бул сунушту өткөн жылы Габалдагы ОТГ саммитинде билдирген.
Омуралиев түрк мамлекеттери ортосундагы кызматташтык жана биримдиктин маанисине көңүл бурду. Ал бул конференция элдердин жакындашына өбөлгө түзөт деп ишенерин билдирди.