Тажикстандын Чукул кырдаалдар комитети 30-июнда Тоолуу Бадакшан автоном облусунун төрагасы Алишер Мирзонаботтун сөөгү табылганын билдирди. “Озоди” радиосу мекеменин басма сөз катчысы Ориф Нозимиенго шилтеме менен маалымдагандай, сөөктү Шохин районунун Кишт Шамсиддин айылына жакын жерде таң эрте табышты. Соттук-медициналык экспертиза маркумдун тек-жайын аныктады.Комитет жол кырсыгына кабылган Мирзонаботтун аялын жана эки жашар кызын издөө уланып жатканын кошумчалады.26-июнда төраганын...