
Кыргыз Республикасынын Билим берүү министрлигине караштуу Билим берүү сапатын өнүктүрүү департаменти (БСӨД) өлкөдөгү педагогикалык курамды системалуу мониторингден өткөрдү. Цифрдык платформада өткөрүлгөн масштабдуу онлайн тестирлөөгө республика боюнча STEM дисциплиналары, математика жана англис тили боюнча 25 миңден ашык мугалим катышты. Бул изилдөөнүн негизги максаты мугалимдердин предметтик жана методикалык компетенциялары тууралуу объективдүү маалыматтарды алуу болуп, бул 12 жылдык билим берүү системасына өтүү шартында даректүү колдоону уюштурууга жардам берет.