Жумгалбек Шабданбеков ГКНБнын төрагасы кызматынан бошотулду, убактылуу милдетти аткаруучу Максат Асаналиев дайындалды





Кыргызстандын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Жумгалбек Шабданбеков башка жумушка өтүүсүнө байланыштуу кызматынан бошотулду. Бул тууралуу өлкөнүн президенттик администрациясынан билдиришти. ГКНБнын убактылуу төрагасы болуп Максат Асаналиев дайындалды. Анын кандидатурасы Жогорку Кеңешке макулдашууга сунушталат, андан кийин Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы катары бекитилет.