Бишкекте "Мадина" базарында муниципалдык бийлик кафе жана фастфуддарды масштабдуу демонтаждоо иштерин жүргүздү. Бул иш-чара шаарды реконструкциялоо алкагында өткөрүлүп, максаты мыйзамсыз курулуштардан жерди бошотуу жана шаардык инфраструктураны жакшыртуу.
8-июнда Бишкектин мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун адистери "Мадина" базарындагы бир катар жайларды, анын ичинде "Райхан", "Асанбувак", "Мадина", "Атуш-1", "Атуш-2", "Чабандес", "Бистро" жана "Урумчи" кафелерин пландан тышкаркы текшерүү жүргүзүштү. Текшерүүнүн жыйынтыгында бул жайларды жабуу чечими кабыл алынды.