Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча курама командасы Тайланддын Паттайя шаарында өткөн жаштар Азия чемпионатындагы чыгыштарын жыйынтыктады. Турнир 27-июнда башталып, 15 жашка чейинки спортчуларды чогултту.
Соревнованиянын алкагында 10 комплект медаль ойнолду, кыргызстандыктар алардын 5ин жеңип алып, даярдыктын жогорку деңгээлин жана күрөштөгү тырышчылыгын көрсөтүштү.