2025-жылы дүйнөдө болжол менен 1 миллион жаңы долларлык миллионер пайда болду, бул күн сайын орто эсеп менен 2,6 миң жаңы бай адамды түзөт. Бул тууралуу Швейцариянын UBS банкынын жаңы «Глобалдык байлык отчетунда» маалымдалат.
UBSтин маалыматына ылайык, жеке капиталдын жалпы көлөмү болжол менен 10,8 пайызга өстү, өзгөчө Европа, Жакынкы Чыгыш жана Африка региондорунда. Бирок адистер байлыкты бөлүштүрүүдө теңсиздиктин көбөйгөнүн белгилешет, бул болсо бай адамдардын дагы да байып жатканын көрсөтөт.