Караколдо 12 кабаттуу апарт-отелдин курулуш процессинде мыйзам бузуулар аныкталды, бул тууралуу Курулуш министрлигинен маалымат берилди.
Курулуш иштеринин жүргүзүлүшү бекитилген долбоордук документациядан четтетүүлөр менен жүргүзүлгөн, бул мыйзам талаптарын жана макулдашылган долбоордук чечимдерди бузат.
Текшерүү натыйжасында ОсОО «Мега Прим» компаниясына карата протокол түзүлдү жана укук бузуулар кодексине ылайык, ага 200 миң сом өлчөмүндө айып пул салынды. Учурда аныкталган мыйзам бузууларды жоюу боюнча иштер жүргүзүлүүдө.