Проект CS-FOR, Бириккен Улуттар Уюмунун Азык-түлүк жана айыл чарба уюму (ФАО) тарабынан Жашыл климат фонду (ЖКФ) колдоосу менен ишке ашырылып, Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин ветеринардык кызмат, мал чарбачылыгын өнүктүрүү, жайыттар жана азыктар кызматына 6,6 миллион сомдон ашык баадагы заманбап мобилдик лабораторияны тапшырды.

Айыл чарба министрлигинин маалыматына ылайык, мобилдик лаборатория Toyota Hilux кызматтык унаасын, DJI Mavic 3 Enterprise RTK мультиспектралдык дронун, ноутбуктарды, күн панелдерин, генераторду жана портативдик энергияны сактоо системасын камтыйт, бул талаа изилдөөлөрүн жогорку натыйжалуулук менен жүргүзүүгө мүмкүндүк берет.