
Иш-чаранын ачылышында президент мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын эффективдүү системасын түзүүнүн маанисине көңүл бурду. Ал мындай система актуалдуу чакырыктарга ыкчам жана сапаттуу жооп бериши керектигин, бийликтин ишинин ачыктыгын камсыздап, элге чыныгы кызмат кылышы керектигин белгиледи, бул болсо өлкөнүн туруктуу өнүгүүсүнө көмөктөшөт.