Башкы прокурор Максат Асаналиевдин иштен кетүү арызы канааттандарылып, ээлеген кызматынан бошотулду. Анын милдетин убактылуу аткаруу башкы прокурордун биринчи орун басары Малик Бектургановго жүктөлдү. 48 жаштагы Максат Асаналиев башкы прокурорлук кызматка 2024-жылдын июнь айында келген. Ал президент Садыр Жапаровдун жарлыгына ылайык, ушул эле күнү дароо УКМК төрагасы болуп дайындалды.