1-июлдан тартып лицензиясы жок такси кызматын көрсөткөндөргө айып салына баштайт.Кыргызстанда 2025-жылдын 22-августунан тартып такси кызматын көрсөткөн айдоочуларды лицензия алууга милдеттендирген жана оң рулдуу машине менен жүргүнчү ташууга тыюу салган мыйзам күчүнө кирген. Кийин лицензия алуу мөөнөтү 2026-жылдын 1-февралына чейин узартылган. Айдоочулардын өтүнүчү менен бул убакыт 1-июлга чейин жылдырылган.Лицензия алуу үчүн автоунааны каттоо жөнүндө күбөлүктүн, машинени башкаруу укугуна...