1-июлдан тартып Бишкек шаарындагы муниципалдык коомдук транспорттордо жол кирени накталай акча менен төлөө токтотулат. Жүргүнчүлөр жол кирени “Тулпар” картасы, Visa, Mastercard жана “Элкарт” банктык карталары жана QR-код менен төлөсө болот. Акысы 17 сом. “Тулпар” картасы жок жүргүнчүлөр үчүн Pay24 төлөм терминалдары аркылуу бир жолку электрондук билет сатып алуу мүмкүнчүлүгү каралган. Жол кирени төлөө үчүн билетте көрсөтүлгөн QR-кодду автобуста орнотулган валидаторго тийгизүү...