```html









30-июнда Сиань шаарындагы Төртүнчү элдик оорукананын дарыгерлер делегациясы Ош облустук бириккен клиникалык ооруканасын зыярат кылды. Визит эки медициналык мекеменин кызматташтыгын бекемдөө үчүн уюштурулган.

Кытай делегациясынын курамына оорукананын вице-президенти Цин Чжан, көз микрохирургия бөлүмүнүн жетекчиси Хун Ян, урология бөлүмүнүн башчысы Гуцзюнь Ву жана төрөт стационарынын жетекчи адиси Билиан Чэнь кирди.