
Бишкек шаардык кенешинин депутаттары 120 электробусту кепилдикке берүү боюнча мэриянын чечимин колдошту. Бул чечим кенештин сессиясында 30-июнда кабыл алынды.
Муниципалитеттин маалыматына ылайык, 2021-жылдын 28-декабрында Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкы арасында кол коюлган кредиттик келишимдин алкагында Бишкектеги «Шаардык транспортту электрлендирүү» долбоору үчүн 25 миллион доллар өлчөмүндө кредит берүү каралган. Бул кредиттин кепилдиги болуп аталган электробустар кызмат кылат.
Өткөн жылы депутаттар мэрия 124 жаратылыш газында иштеген автобусту кепилдикке берүүнү сунуштаганда, ошондой эле ушул сыяктуу чечимди колдошконун белгилеп кетүү керек.
Сүрөт www