Кыргызстан Пакистан менен экономикалык кызматташтыкты кеңейтүүгө активдүү аракет кылууда жана инвесторлорго пайдалуу шарттарды сунуштоого даяр. Кыргыз Республикасынын президентинин алдындагы Инвестицияларды тартуу боюнча улуттук агенттиктин төрагасы Равшанбек Сабиров менен Лахордо Кыргызстандын Почеттүү консулунун ортосунда өткөн жолугушууда соода-экономикалык өз ара аракеттенүүнүн келечеги талкууланды.
Переговорлор учурунда пакистандык тарапка республикадагы инвестициялык потенциал, ошондой эле чет өлкөлүк инвесторлор үчүн мамлекеттик колдоонун негизги чаралары жана инвестициялоо үчүн эң кызыктуу тармактар сунушталды.