Көп улуттуу аскерлер Монголияда БУУнун тынчтык сакчылары катары даярдык өткөрүштү

Жума күнү Монголиянын борборунун айланасында Khaan Quest эл аралык машыгуулары аяктады. Бул машыгууларга АКШ, Монголия жана башка өлкөлөрдүн аскер кызматкерлери катышты. Бул жыл сайын өткөрүлүүчү тынчтык сактоо маневрлору БУУнун тынчтык сактоо операцияларына даярдык боюнча Глобалдык инициативанын алкагында өткөрүлөт.
20-июнда башталган машыгуулар башында Монголиянын Куралдуу Күчтөрү менен АКШнын Тынч океандык деңиз пехотасынын ортосунда эки тараптуу болуп, убакыттын өтүшү менен Тынч океан аймагынын деңгээлинде маанилүү окуяга айланды, деп белгиледи Монголиядагы АКШнын элчиси Ричард Буанган иш-чаранын ачылышында.

Машыгуу өткөрүлгөн жер «Таван-Толгой» полигонунда, Россиянын чекесинен 200 миль түштүктө жана Кытайдын чекесинен 200 миль түндүктө жайгашкан.