2-июлдан 4-июлга чейин Чон Сары-Ой жана Бостери айылдарында, ошондой эле Чолпон-Ата шаарында Ысык-Көл облусунда «Таза жашоо» аттуу интерактивдүү экологиялык иш-чара өтөт. Бул иш-чара калдыктарды бөлүп алуу жана кайра иштетүүгө арналат.

Бул иш-чаранын демилгечиси Кыргызстандын Табигый ресурстар, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин алдындагы «Эко Оператор» мамлекеттик ишканасы болуп саналат.