30-июнда Женевада Кыргызстанды Дүйнөлүк соода уюмунун Консультативдик борборуна (ACWL) киргизүү боюнча протоколду кол коюу боюнча маанилүү салтанат өттү. КРнын Экономика жана соода министрлиги республика бул борборго кошулган 47-өлкө болгонун маалымдады.

Протоколду Кыргызстан атынан ДСУдагы туруктуу өкүл Омар Султанов, ал эми ACWL атынан документти борбордун аткаруучу директору Найл Мигер кол койду.