
Европаны каптаган экстремалдуу ысык көрүнүшү күндөн-күнгө көбөйүп жатат, бул тууралуу Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму билдирүүдө. Адистер азыркы климаттык шарттардын эч кандай өзгөчөлүгү жок экенин, бул олуттуу жана кайталануучу кризис экенин белгилешет.
Быйылкы июнь континенттеги байкоолордун тарыхындагы эң жылуу айлардын бири катары белгиленди. «Бул ысык - болгону репетиция», - деди ДДУнун Европа боюнча аймактык бюросунун директору Ханс Анри Клюге. Ал Европа дүйнө боюнча орточо көрсөткүчтөн эки эсе тез жылып жатканын жана аномалдуу ысык жаңы климаттык нормага айланып жатканын кошумчалады. Кризистер күндөн-күнгө көбөйүп, күчөп, узакка созулуп жатат.
Акыркы ысык толкуну башталгандан бери, 24-июндан тарта Францияда өлүм учурлары миңге көбөйдү, анын көпчүлүгү карылар. Жардам чакырган учурлар да эки эсе көбөйдү. Испанияда, жергиликтүү маалыматтар боюнча, июнь айында ысыкка байланыштуу 892 адам каза болду.
Клюге эффективдүү чараларды, мисалы, ысыкка каршы аракеттер планы, эрте эскертүү системалары, салкын жайлар түзүү жана осал катмарларга жардам берүү, өмүрдү сактап жатканын жана бул чараларды европалык регион боюнча жайылтуу керектигин белгиледи.
Дүйнөлүк метеорология уюмунун маалыматы боюнча, ысык толкуну Батыш, Борбордук жана Түштүк Европа, ошондой эле Балканды камтыйт.