Экстремалдуу ысык Европа боюнча сейрек көрүнүш эмес, тескерисинче, туруктуу проблемага айланып жатат. Бул тууралуу Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун Европа аймактык бюросунун директору Ханс Анри Клюге билдирди. Ал быйылкы июнь континенттеги байкоолордун тарыхындагы эң ысык айлардын бири болуп калганын, ал глобалдык орточо темптен эки эсе ылдамдыкта жылып жатканын белгиледи.
Клюге азыркы ысык толкундар ушундай көрүнүштөрдүн көбөйүп, чоң кесепеттерге алып келерин айтты. Анын сөзүнө караганда, мындай көрүнүштөрдүн интенсивдүүлүгү жана узактыгы өсүүдө.