
Токмокто Ленин көчөсүндө болгон массалык мушташтын беш катышуучусу кармалды. Бул тууралуу Чүй облусунун Ички иштер башкармалыгы маалымат берди.
Коомдук коопсуздук органдарынын маалыматына ылайык, 1-июлда саат 01:22де социалдык тармактарды мониторинг кылуу учурунда, жаштардын тамактануу жайынын жанында мушташ болуп жатканын тарткан видео байкалган. Бул боюнча ыкчам чаралар көрүлүп, окуя болгон жерге патрулдук милиция жана тергөө-оперативдик топтор жөнөтүлгөн.
Ыкчам иш-чаралардын натыйжасында инцидентке катышкан беш жарандын жеке жактары аныкталып, алар Токмок шаарындагы ички иштер бөлүмүнө жеткирилген.
Конфликттин катышуучулары бири-бирине доо арыздары жок экенин айтып, арыз жазуудан баш тартканына карабастан, алардын үстүнөн укук бузуулар боюнча протоколдор түзүлгөн. Милициядан билдиришкендей, бул жарандарга Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык тиешелүү чаралар көрүлөт.