Кыргызстанда отун өндүрүүнүн көлөмүн көбөйтүү пландалууда. Чүй облусунда жайгашкан «Джунда» модернизацияланган мунайды кайра иштетүү заводу жакынкы убакта айына 24 миң тонна бензин чыгарууга киришет, ал эми жылдын аягына чейин бул көлөмдү 50 миң тоннага чейин көбөйтүүнү көздөп жатат.
Бул тапшырма заводдун жетекчилигине президенттин атайын өкүлү Бакыт Торобаевдин жумушчу сапары учурунда берилген. Анын айтымында, ишканага болгон визит президент Садыр Жапаровдун көрсөтмөсү боюнча өлкөнү күйүүчү-майлоочу материалдар менен камсыздоону күчөтүү максатында өткөрүлгөн. Делегация заводдун өндүрүш процессин, мунайды кайра иштетүү технологиясын жана чыгарылган продукциянын лабораториялык сыноолорунун жыйынтыктарын таанышты.