1-июлдан тарта үч жашка чейинки балдар үчүн ай сайын берилүүчү мамлекеттик жөлөк пул – “Бала ырысы” боюнча арыздарды кабыл алуу башталды. Бул тууралуу эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Мирланбек Байгончоков жалпыга маалымдоо каражаттарына билдирди.Министрдин орун басарынын айтымында, 1-июлда 700дөн 1000ге чейин арыз түшкөн.“Статистика боюнча өлкөдөгү калктын 38% балдар. Анын ичинен үч жашка чейинки балдардын саны 440-470 миңди түзөт. Жөлөк пулга арыз берүү...