«Бала ырысы» пособосун алуу үчүн негизги шарттардын бири — баланын ата-энеси же камкорчулары менен Кыргызстанда жашоосу зарыл. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Мирланбек Байгончоков маалымдады.
Бүгүнтөн баштап өлкөнүн тургундары райондук башкармалыктарга же «Түндүк» тиркемеси аркылуу пособо алуу үчүн арыз бере алышат.
Байгончоковдун айтымында, пособону алууга арыз берүү үчүн ата-энеден же мыйзамдуу өкүлдөн арыз, ошондой эле жеке идентификация номеру (ПИН) бар ID-паспорт жана баланын ПИНи көрсөтүлгөн туулгандыгы тууралуу күбөлүк керек. Документтерди тапшыргандан кийин, 3 жашка чейинки балдары бар үй-бүлөлөр ай сайын 1200 сом өлчөмүндө пособо алышат.