Кыргызстан күйүүчү-майлоочу май алуу боюнча Орусиянын, Беларустун, Азербайжандын, Казакстандын, Өзбекстандын жана Түркмөнстандын тиешелүү мамлекеттик органдарына суроо-талаптарды жөнөтүп, сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат. Бул тууралуу Энергетика министрлиги кабарлады.Министрлик күн сайын өлкөдө күйүүчү-майлоочу май рыногундагы кырдаалды көзөмөлдөп, калкты бензин, солярка менен үзгүлтүксүз камсыздоо боюнча иштерди жүргүзүп келатканын кошумчалады.“Өлкөгө күйүүчү-майлоочу майды жеткирүүлөр мурда...