
Кыргызстанда кен казуу секторун толук инвентаризациялоо процессинде 80ден ашык мыйзам бузуулар аныкталды, бул 600дөн ашык лицензиянын убактылуу токтотулушуна алып келди. Бул тууралуу табигый ресурстар, экология жана техникалык көзөмөл министри Акыл Токтобаев «Кабар подкастында» билдирди.
Министрдин маалыматына ылайык, өлкөдө 1 982 лицензия кен казуу иштерин жүргүзүү үчүн берилген. Учурда алардын мыйзамдуулугун жана бардык талаптардын сакталуусун текшерүү жүргүзүлүүдө.