Октябрь районунун ички иштер башкармалыгы 1-июлда Ала-Букин районунун тургуну АКИpress’те өткөн пресс-конференцияда уулунун үстүнөн козголгон кылмыш ишинин иликтөөсүндө болжолдонгон мыйзам бузуулар тууралуу билдирүүлөрүнө комментарий берди.

Милициянын маалыматына ылайык, 2026-жылдын 4-июнунда Октябрь районунун Ички иштер башкармалыгынын Иликтөө кызматына жаран К.А. кайрылган. Ал, 03:30 чамасында Кара-Жыгач турак жай массивинде белгисиз адамдын бычак менен коркутуп, физикалык күч колдонуп, анын 46 миң сомдук iPhone 13 Pro телефонун уурдап кеткенин билдирген.