Кыргызстанда айлана-чөйрөнү коргоо жана жарандар арасында экологиялык маданиятты калыптандыруу боюнча чаралар активдүү ишке ашырылууда. Бул тууралуу «Кабар» агенттигинин подкастында табигый ресурстар, экология жана техникалык көзөмөл министри Акыл Токтобаев билдирди. Ал табиятка болгон коомдук көз караштын акырындык менен жакшырып жатканын, бул экологиялык маалыматтын социалдык тармактарда жайылышы жана экологияга кам көрүүнү популяризациялаган блогерлердин иши менен байланыштуу экенин белгиледи.

Жакшы өзгөрүүлөргө карабастан, министр табиятка терс таасир этүү учурларынын уланууда экенин айтты. Ал министрлик билим берүү мекемелеринен баштап, балдар жана жаштар арасында экологиялык жоопкерчиликти калыптандыруу үчүн үзгүлтүксүз маалыматтык- түшүндүрүү иш-чараларын өткөрүп жатканын баса белгиледи. Бул иштер президент Садыр Жапаровдун тапшырмаларына ылайык жүргүзүлүүдө.