Россияда «Четирдик профили» аттуу жаңы кызмат ишке кирди, ал мигранттар жана жарандыгы жок адамдар тууралуу актуалдуу маалыматтарды сактоого арналган. Бул тууралуу РФ Ички иштер министрлигинин расмий өкүлү Ирина Волк маалымдады.
Кызматка жеке инсандыгын тастыктаган документтер, миграциялык каттоо, эмгек иши, билим берүү жана медициналык камсыздандыруу тууралуу маалыматтар кирет. Мындан тышкары, колдонуучулар турак жай, унаалар, административдик укук бузуулар жана өлкөгө кирүүгө болгон учурдагы тыюулар тууралуу маалыматтарды көрө алышат.