Кайсы айдан баштап «Бала ырысы» пособиясы берилет - адистин жообу

Бул жылы республикалык бюджетте үч жашка чейинки балдар үчүн «Бала ырысы» пособиясын берүү үчүн болжол менен 3 миллиард сом каралган. Азыркы учурда 1,7 миллиард сом бөлүнгөнүн Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин социалдык төлөмдөр башкармалыгынын башчысы Аида Ажиходжоева билдирди.

Ажиходжоеванын айтымында, учурда «Түндүк» мобилдик тиркемеси аркылуу 800 арыз берилген. Арыздарды кабыл алуу ошондой эле аймактык башкармалыктарда улантылууда.