Кыргызстанда дары-дармек базасынын киргизилиши аяктады, бул контрабандага каршы күрөшүүдө жана дары-дармектердин жүгүртүүсүн жакшыртууда маанилүү кадам болду. Бул тууралуу дары-дармек жана медициналык буюмдар департаментинин бөлүм башчысы Нурадин Каратаев билдирди.

Жаңы система дары-дармектердин жүгүртүүсүнүн бардык циклин — өлкөгө киргизүүдөн жана каттоодон баштап, акыркы керектөөчүнө сатууга чейин көзөмөлдөөгө мүмкүнчүлүк берет. Бул программа аркылуу киргизилген бардык дары-дармектердин легализациясын камсыз кылат.