Ош облусунун мэри Жанарбек Акаев Швейцариянын элчиси Сироко Мессерли жана Япониянын Кыргызстандагы элчиси Рюти Хирано менен жолугушуу өткөрдү. Жолугушууда Ош шаары менен бул өлкөлөрдүн ортосундагы кызматташтыктын учурдагы абалы жана келечеги талкууланды.
Акаев шаарды эл аралык өнөктөштүккө ачык экенин белгилеп, инфраструктураны өнүктүрүү, инвестиция тартуу, муниципалдык кызматтарды жакшыртуу, санариптик трансформация жана жаштар саясаты сыяктуу тармактарда биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга кызыгуусун билдирди.
Ошондой эле, шаардагы билим берүү, саламаттык сактоо, транспорт инфраструктурасы, жашыл аймактарды көбөйтүү жана шаардык чөйрөнү жакшыртуу боюнча жетишкендиктер көрсөтүлдү. Жолугушуунун катышуучулары шаарды мындан ары өнүктүрүүгө багытталган артыкчылыктуу долбоорлорду талкуулашты.
Элчилер жергиликтүү өз алдынча башкаруу, жаштар үчүн мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү, туруктуу өнүгүү, заманбап шаар башкаруусу жана инфраструктураны жакшыртуу тармактарында кызматташтыкты чыңдоонун маанилүүлүгүн белгилешти.
Жолугушуунун аягында мэр Акаев Швейцария жана Япониянын Кыргызстанды социалдык-экономикалык өнүктүрүүгө кошкон салымын жогору баалап, ишенимге негизделген өнөктөштүк келечекте жаңы биргелешкен долбоорлорго алып келет деген үмүтүн билдирди.