
Каракол шаарынын мэри Талантбек Иманов шаар тургундарын жана конокторун Шаар күнү менен куттуктап, иштин жыйынтыктарын чыгарып, шаардыктарды регионду өнүктүрүүгө кошкон салымдарын белгиледи. Шаар башчысы Караколдун мындан аркы гүлдөп-өсүшү үчүн биргелешип аракеттенүүгө чакырды.