Баш прокурор Максат Асаналиев Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын милдетин аткаруучу болуп дайындалды. Бул тууралуу “Ынтымак Ордо” 30-июнда кечке маал кабарлады. УКМКнын буга чейинки төрагасы Жумгалбек Шабданбеков башка кызматка өткөнү үчүн жумуштан бошотулганы кабарланды. Ал эмне ишке которулганы кабарлана элек.“Ынтымак Ордо” соңку кадрдык жүрүштүн себебин түшүндүргөн жок.48 жаштагы Максат Асаналиев 2024-жылдын июнунан бери Башкы прокуратураны жетектеди.Ал Ысык-Көл...