Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев 1-июлда Орусияда бул өлкөнүн энергетика министри Сергей Цивилев менен жолугуп, күйүүчү-майлоочу майга байланыштуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөнүн билдирди. Бул тууралуу ал “Азаттыкка” телефондон берген чакан маегинде айтты.Анын сөзүнө караганда, Сергей Цивилев Орусияда бензин жана солярканын тартыштыгы жөнгө салынгандан кийин Кыргызстанга мурда жетишилген келишимдерде көрсөтүлгөн көлөмдө күйүүчү майды берип баштарын...