Казакстандын жаңы бир палаталуу парламентине (Курултайга) шайлоо 23-августта болот. Тиешелүү жарлыкка өлкө президенти Касым-Жомарт Токаев кол койду. 1-июлда расмий жарыяланган документте Борбордук шайлоо комиссиясына шайлоого камылга көрүү жана аны өткөрүү милдети жүктөлгөн. Өкмөт, облус-шаарлардын башчылары уюштуруу жана каржылык камсыздоо иштерин жүргүзүшү керек.1-июлдан тартып Казакстанда жаңы Конституция күчүнө кирди. Ал быйыл 15-мартта өткөн референдумда кабыл алынган.Ага ылайык өлкө...