Аламудун районундагы логистикалык-сауда борборунун аймагында складдык жайларды, газоблок өндүрүү заводун жана аквапаркты куруу менен байланышкан мыйзам бузуулар аныкталган. Курулуш министрлиги бул объектилерде иштер Бирдиктүү мамлекеттик курулуш реестрине катталбай жүргүзүлгөнүн билдирди.

Ведомстводо мындай аракеттер курулуш мыйзамдарын катуу бузуу болуп эсептелинерин жана мамлекеттик көзөмөлдүн белгиленген нормаларына каршы келерин белгилешти. Текшерүү жүргүзүлгөндөн кийин курулушту жүргүзгөн подрядчиктерге карата мыйзам бузуулар боюнча протоколдор түзүлдү. КРнын мыйзам бузуулар кодексине ылайык, салынган айыппулдардын жалпы суммасы 1 миллион сомду түздү.