Бишкекте 1-июлда «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасынын жетекчилиги менен Европа реконструкция жана өнүктүрүү банкы (ЕБРР) жана Европа Союзунун өкүлдөрүнүн ортосунда жолугушуу өттү. Иш-чаранын жүрүшүндө Ивановка станциясында заманбап логистикалык борборду куруу боюнча мандаттык катка кол коюлду.
Мандаттык катка кол коюу «Кыргыз темир жолу» жана ЕБРР ортосундагы өнөктөштүктү өнүктүрүү боюнча маанилүү кадам болуп, долбоордун техникалык-экономикалык негиздемесин (ТЭО) даярдоо үчүн гранттык колдоону берүү пландалууда.
Жолугушуунун алкагында катышуучулар долбоорду даярдоо жана ишке ашыруу боюнча негизги аспекттерди, ошондой эле келечектеги кызматташуу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты. Кыргызстандагы транзиттик потенциалды жогорулатуу үчүн заманбап транспорт-логистикалык инфраструктураны өнүктүрүүнүн маанисине өзгөчө көңүл бурулду.
Ивановка станциясында логистикалык борборду куруу долбоору жүк ташууларды эффективдүүлүгүн жогорулатууга, темир жол тармагынын логистикалык мүмкүнчүлүктөрүн өнүктүрүүгө жана эл аралык транспорттук байланыштарды кеңейтүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө көмөктөшүүчү инфраструктуралык объектти түзүүгө багытталган.