
Кыргызстандын Табигый ресурстар, экология жана техникалык көзөмөл министри Акыл Токтобаев Бишкек жана Ош шаарларында абанын сапатын жакшыртуу боюнча демилгелерди билдирип өттү. Бул тууралуу ал «Кабар» агенттигинин подкастында айтты. Жылуулук берүү мезгилиндин жакындашы менен түтүн маселеси шаарлар үчүн өзгөчө актуалдуу болуп жатат, министр анын чечилиши үчүн жоопкерчилигин белгиледи.
Бишкекте абанын булганышы менен күрөшүү үчүн эл аралык донорлордун колдоосу менен 11 жаңы аба сапатын мониторингдөө станциясы орнотулмакчы. Мындан тышкары, министрлик аба, суу жана жерди талдоо үчүн эки мобилдик экологиялык лаборатория сатып алууну пландап жатат, алардын бири өлкөнүн түндүгүндө, экинчиси — түштүгүндө жайгашат.