ЦИК кыргызстандык диаспораларды чет өлкөлөрдө шайлоого катышуу тууралуу жарандарды активдүү маалымдоого чакырды

Кыргызстандын Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров 1-июлда чет өлкөдөгү кыргыз диаспоралары жана коомдук бирикмелердин өкүлдөрү менен онлайн жолугушуу өткөрдү. Жолугушууга 22 өлкөдөн 70тен ашык адам катышты, деп билдиришти КР БШКдан.

Жолугушууда шайлоочулардын катышуусун жогорулатууга көңүл бурулду. Тынчтык Шайназаров чет өлкөдө жашаган жарандардын шайлоо укуктарын ишке ашыруу үчүн мамлекет тарабынан бардык зарыл шарттар түзүлгөнүн, анын ичинде алыстан добуш берүүнүн мүмкүнчүлүгү бар экенин белгиледи. Бирок өткөн шайлоолордо шайлоочулардын активдүүлүгү төмөн болгон: чет өлкөдөгү 100 ачык участкеден болгону 26 миңдей адам добуш берди, ал эми консулдук каттоодо 166 миңден ашык адам катталган.